1-январдан тарта Казакстанда жашоо минимуму жогорулайт

956

2018-жылдын 1-январынан тарта Казакстанда жашоо минимуму 24 459 теңгеден (73 доллардын айланасында) 28 284 теңгеге жогорулайт. Бул тууралуу өлкөнүн эмгек жана социалдык коргоо министринин орун басары Светлана Жакупова билдирди.

Бүгүнкү күндө керектөөнүн минималдык ченемдеринин негизинде эсептелген жашоо минимумунун 60% азык-түлүк, калган 40% азык түлүк эмес товарлар түзөт.

«Расмий статистикадагы маалыматтарга ылайык, калктын керектөө структурасы өзгөргөн. Жарандардын азык-түлүк эмес товарлар жана кызматтар үчүн чыгымдары 45 пайызды түзгөн. Ошондуктан жашоо минимумунун структурасындагы катышты 55-45 пайызга өзгөртүү чечими кабыл алынды», — деди Жакупова.

Улуттук экономика министрлигинин алдындагы статистика комитетинин маалыматы боюнча, Казакстанда 2017-жылдын октябрына карата жашоо минимуму 25 738 теңгени түзөт. Бул өткөн айдагы көрсөткүчтөн 2,4 пайызга жогору.