10 гектар жер ижарага мыйзамсыз берилгендиги боюнча кылмыш иши козголду

1077

Аламүдүн райондук мамлекеттик каттоо мекемесинин кызмат адамдары менен Октябрь айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы 10 гектар жерди ижарага мыйзамсыз берип салышкан деп айыпталышууда.

Башкы прокуратура бул ишке байланыштуу 3 берене боюнча кылмыш ишин козгоду. Башкы көзөмөл органы тараткан маалыматка ылайык, Октябрь айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы былтыр мамлекеттик органдын кызматкерлери менен сүйлөшүүлөргө барып, жер тилкесин өзүнүн бөлөсүнө 15 жылга берип койгон.

Мында жасалма келишим түзүлүп, Свердлов районуна караштуу мамлекеттик нотариустун жасалма мөөрү басылган. Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүүдө.