84,80
101,15
1,13
0,20
Бишкек +12°C

10 миң доллар пара берип жатканда кармалган аткаминер (видео)

890

10 миң доллар пара берип жатканда кармалган Транспорт жана жолдор министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев 8-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Ушундай эле чечим аткаминер менен кошо кармалган автоунаа, суу транспорту жана салмак габаритин көзөмөлдөө агенттигинин башчысы Анарбек Бекмуратовго да чыкты.

Буга чейин ушул эле министрликте 520 миң доллар паранын кесепетинен бир орун басар 14 жылга кесилип, министр кызматынан кол жууган болчу. Бул сапар мекеме жетекчиси Жанат Бейшенов кандай кадамга барат, азырынча белгисиз.