10 жылдан бери электр жарыгысыз күн кечиргендер (видео)

624

Бишкектен алыс эмес жерде байыркы замандагыдай жашаган элет эли. Чүй областынын Сокулук районунун Гавриловка айыл аймагындагы дачада 300дөн ашуун адам 10 жылдан ашуун убакыттан бери электр жарыгын көрө элек.

Тамак ашты очок үстүндө жасашат. Алар бир нече жылдан бери электр жарыгын тарттырууга уруксат берүүнү суранып келишет. Бирок карапайым калктын үчүн уккан эч ким жок.