10 жылдан бери таза сууга зар болгон жашоочулар (видео)

624

Чүй областындагы Чүй айыл өкмөтүнүн тургундары таза сууну чака-челектеп, бир нече чакырымдан ташып ичип келишет. Айтымдарында, конушка миллиондогон сом коротулуп, суу түтүктөрү тартылганы менен, алар бир айга жетпей иштен чыккан.

Жергиликтүү бийлик эми эки жумадан кийин суу түтүктөрү аркылуу ичүүчү суу бериле баштайт, деп ишендирип жатышыптыр. Бирок бир канча жылдан бери мындай убадаларды уга берип чарчаган жергиликтүүлөр бул сапар да ишенбей жатышат.