10 жылга соттолгон аялдын өкүнүчү (видео)

4181

Акыркы 7 жылда экстремизм жана терроризм боюнча соттолгондордун саны 5 эсеге өстү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын өкүлдөрү билдиришти. 2012-жылы Кыргызстандын абактарында радикалдык көз караштагы 100дөй кылмышкер отурса, быйыл алардын саны 500дөн ашкан. Арасында 6 аял бар.

Алардын бири 5 жыл мурда Бишкекте теракт жасоого даярданып жатканда жок кылынган кишинин жубайы. 23 жаштагы келин 4 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп бүттү. Ал 19 жашында экстремизм үчүн 10 жылга эркинен ажыратылган.