100 миңге жакын кыргызстандык добуш бере албай калабы? (видео)

3451

Жогорку Кеңешке шайлоого катыша турган партиялардын саны дагы азая турган болууда. БШКнын жумушчу тобу 5-6 саясий биримдикти жарыштан четтетиши мүмкүн. Анткени алар шайлоо фондун түзгөн эмес. Ал ортодо 28-ноябрга белгиленген саясий өнөктүктө өлкө ичинде 100 миңге жакын кыргызстандык жаран добуш берүү укугунан пайдалана албай калышы мүмкүн деген кооптонуулар жаралууда.

Анткени азыркы талап боюнча ар бир шайлоочу паспортунда көрсөтүлгөн расмий дарек боюнча гана добуш бериши керек. Мындан тышкары, чет өлкөдө жүргөн 1,5 миллионго жакын кыргызстандыктын 1,5 пайызы гана шайлоого катышат экен. Мунун себеби эмнеде?