1000 долларга чейин бааланган балатылар Бишкекте (видео)

2897

Жаңы жылга балатыны кыйып келип кооздобой, тескерисинче анын көчөтүн отургуз. Бишкек шаарында майрамга карата түркүн түс берип, кооздугу менен өзгөчөлөнгөн ийне жалбырактуу дарактар сатыла баштады. Жыл сайын кыш айларында ишке кирчү базарда учурда балатылардын 6 түрү коюлган.

Ошондой эле каалоочулар үчүн арча, туянын да түрлөрү бар. Сатуучулардын айтымында, кышы-жайы дебей жапжашыл болгон дарактын бул түрлөрүн суук түшкөндө сатып алып отургузуу керек.