102 кызматы эми чакырууларга 3 мүнөттө келеби? (видео)

1282

Бишкекте 102 номерине келген чакырууларды, Ички иштер башкармалыгындагы жаңы түзүлгөн мобилдик батальон тейлөөдө. Алар түптөлгөнүнө бир ай гана болсо да, бул убакыт аралыгында жакшы көрсөткүчтөргө жетишкени айтылууда. Бүгүн аталган батальондун кызматкерлерине офицердик наамдар берилди. Борбор калааныны милиция жетекчисинин айтымында, мобилдик батальон эң аз — 3, ал эми узак дегенде 12 мүнөттүн аралыгында шаардын кайсы тарабына, кандай гана чакыруу болбосун жетип баруусу зарыл. Эгер белгиленген убакытта алар окуя болгон жерге келбесе, экипаж мүчөлөрүнө тиешелүү чаралар көрүлөт экен.