103 кызматы менен байланыш үзүлдү

1299

Бишкекте медициналык тез жардам станциясында авария болуп, электр жарыгы өчүп калды. Мындан улам, 103 кызматы менен байланыш үзүлдү. Бул тууралуу башкы врачы Искендер Шаяхметов билдирди. Анын айтымында, станциянын жанында электриктер ремонт жасап жатып, кабелди үзүп алышкан.

Учурда оңдоо иштери жүрүүдө, бирок ал көпкө созулчудай болуп калды, дейт дарыгер. Мындан улам, калаа тургундары медициналык тез жардам кызматына уюлдук телефон аркылуу гана байланыша алышат.

Азыр: 0(700)74-42-01, (770)000-103, (559)103-911 номурлары менен чалуулар кабыл алынууда.