11 адамды басып калган бассейндин курулушу токтотулабы? (видео)

1213

Бишкекте 15 кабаттуу турак үйдүн жанында кулап түшкөн бассейндин курулушун улантууга уруксат берилбейт. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы билдирди. Белгилүү болгондой, кырсыктын чоо-жайы иликтенгенден кийин, аталган объект сүрдүрүлөт. Мындан тышкары, Авангард-стиль компаниясы техникалык курулуш эрежелерин сактабаганы үчүн 200 миң сомго чейин айыпка тартылышы мүмкүн. Эске салсак, кечээ күнү Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев көчөсүндө тургузулуп жаткан комплексте 2 кабаттуу бассейндин курулуп жаткан имараты урап түшкөн. Натыйжада, ошол жерде иштеп жаткан 11 жумушчу жабыркап, экөө ооруканага жеткирилген.