11 адамды унаасы менен тебеледи, деп шектелген адам 2 айга камакка алынды

617

Москвада 11 кыргызстандыкты унаасы менен атайын тебелетип кетти, деп шектелип жаткан адам 2 айга камакка алынды.

Эске салсак, теги кыргызстандык, кийин Россиянын жарандыгын алган Бекжан Сарбишев, өткөн жекшембиде эртең менен Москванын Новочеркасский бульварында жолдо кетип бараткан адамдардын тобун унаасы менен барып сүзгөн. Алардын бири курман болуп, төртөөнүн абалы өтө оор, деп бааланууда. Калган алты адам дагы ар кандай жараткаттары менен ооруканада жатышат.

Айрым маалыматтарга караганда, ага чейин Сарбишев менен жабырлануучулардын ортосунда чыр чыгып, ал мушташка айланган. 21 жаштагы жигит өзүнүн карындашын ага тийишкен бейтааныш балдардан коргойм, деп алардын ур-тепкисинде калган.

Бул окуя боюнча «адам өлтүрүү» беренеси боюнча иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.