11 айлык бөбөктү ким сабаган? (видео)

613

2,5 жума мурда чарчап калган 11 айлык Ясинанын өлүмү боюнча күнөөлүүлөр аныктала элек. Ысык-Көл областтык милициясы, бул окуяга байланыштуу соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыкканын билдирди. Ага таянсак бөбөк катуу буюм менен сабалган болушу мүмкүн.

Бирок кыздын денесиндеги көк ала тактардын эмнеден улам пайда болгонун так аныктоо үчүн комплекстүү соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү зарыл экен. Ошондуктан бардык материалдар Бишкек шаарындагы эксперттик кызматка жөнөтүлгөн.