11-апрелде референдум өткөрүлөбү? (видео)

1521

Конституциянын жаңы редакциясынын долбоору дагы эки аптадан кийин гана парламенттин кароосуна чыгарылышы күтүлүүдө. Учурда документ коомдук талкуудан өтүп жатат. Андан соң тармактык комитетте каралып, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

Ал арада баш мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоору парламентте 3 окууда бир каралышы керек деген пикирлер да арбын болууда. Анда 11-апрелге дайындалган жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өнөктүгү менен бирге референдумду да өткөрүп алууну сунуштагандар бар. Депутаттар ага чейин негизги документти кабыл алууга жетишеби?