11 миңден ашык тартип сакчы коомдук коопсуздукту камсыз кылат (видео)

2468

Милиция кызматкерлери жаңы жыл майрамына утурлай күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтүштү. Мындан улам Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдындагы эски аянтта Ички иштер министрилигинин баардык бөлүктөрүнүн кызматкерлери катышкан гарнизондук саптык кароо болду.

Анда белгилүү болгондой өлкө боюнча 11 миңден ашык тартип сакчы коомдук коопсуздукту камсыз кылып, кылмыштарды алдын алуу иштерин жүргүзмөкчү. ИИМдин өздүк курамы 31-декабрь жана 1-январь күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.