11 жаштагы инисин 14 жаштагы эжеси бычактап салган деп шектелүүдө

1244

Жалал-Абад областынын Сузак районунун Каңды айылындагы 11 жаштагы баланы бычактап өлтүрүүгө шектелип жаткан анын 14 жаштагы бир тууган эжеси психологиялык жактан жабыркап же жабыркабагандыгы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Тартип сакчыларынын айтымында, маркум баланын эжеси психолог, педагог жана жактоочунун катышуусунда милиция кызматкерлерине көрсөтмө берген. Өспүрүм кыздын көрсөтмөсүндөгү маалыматка караганда, ал иниси менен ойноп жатып, столго отургузган. Андан соң колу-бутун танып туруп, бычак менен сайып жиберген.

Эске салсак, Сузак районунда төбө чачты тик тургузган окуя катталып, анда өз үйүндө мыкаачылык менен бычакталып өлтүрүлгөн баланын сөөгү табылган. Анда маркумдун колу-буту скотчтолуп, денесинин 30дан ашык жерине бычак сайылган. Көп өтпөй ажатканадан канга беолгон кийим жана бычак табылып, ал баланын эжесине таандык болуп чыккан. Балага сайылган бычак да ошол эле үйдө мурда колдонулуп келгендиги белгилүү болгон.

Тартип сакчылары үйдүн бир бөлмөсүнөн «балаң аркылуу өч алдым» деген кат да табышкан. Бул боюнча шектүү өспүрүм «көзүнө ар нерсе көрүнгөнүн жана кыйналганда ар кандай маанидеги каттарды жаза турганын айткан.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.