12 бала окуган мектеп (видео)

762

12 бала гана барган жана жалгыз мугалим иштеген мектеп. Ош областынын Өзгөн районунун Кайнар айылында окуучулар кыйын шартта билим алууда. Кыштактагы авариялык абалдагы мектепте азыр төрт класстын балдары аралаш окушат. 4 бөлмөдөн турган имаратты 19 жыл мурда жергиликтүү тургундар өз каражатына ашар жолу менен куруп алышкан.

Бирок эки жыл мурда болгон жер титирөөдө дубалдарынан чоң жаракалар кеткен. Окуу жайдын шарты начар болгондуктан, көбү балдарын 6 чакырым алыстыктагы башка айылдарга жөнөтүшөт. Азыр кулап кетүү коркунучунда турган мектепте 12 бала билим алат. Аларга окуу жайдын директору, жалгыз мугалим, пенсионер Абиба Мансурова сабак берет.