12 кабаттуу имаратта өрт өчүрүлдү (видео)

816

Өрт өчүрүүчүлөр көп кабаттуу турак-жайларда тутанган жалынды өчүрүүгө даярбы? Кызматкерлердин даярдыгын текшерип, дагы бир ирет аларды бийик имараттарда иштөөгө көнүктүргөн машыгуу болуп өттү. Куткаруучулар 12-кабаттагы өрттү 10 мүнөткө жетпеген убакытта өчүрүп, 2 адамдын өмүрүн сактап калышты.

Алардын мындай аракети жетекчиликтин «жакшы» деген баасына татыды. Бирок чыныгы өрт кырсыгында кырдаал мындан кыйла оор болушу ыктымал, дешет өрт өчүрүүчүлөр. Андыктан куткаруучулар ар кандай күтүлбөгөн жагдайларга даяр болушу керек.