12 милиция кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бирөө реанимацияда

1937

COVID-19 жуккан милиция кызматкерлеринин бири реанимацияда жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, баштапкы териштирүү ал кызматкер жумуш учурунда оору жуккан бейтап менен контакт болгон ыктымалдыгын көрсөттү.

Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата ички иштер органдарынын коронавирус инфекциясы жуккан кызматкерлеринин саны 12 адам. Ошентип, 22-апрелге карата илдет жуккандардын жалпы саны өлкөдө 612 кишиге жетти. Алардын жетөө каза тапты, 254 бейтап айыгып чыкты.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.