12 партия УКМК менен Боршайкомго кайрылды (видео)

1798

Парламенттик шайлоого аттанган 12 партия УКМКга жана Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, форма эки арызы боюнча иликтөө жүргүзүүнү талап кылышты. Алар айрым партиялар мыйзамдагы бул норманы пайдаланып, жарандардын добушун массалык сатып алуу аракетин көрүп жатканын билдиришкен.

Кайрылуу жасаган саясий биримдиктер шайлоочулардын саны кескин көбөйгөн бир нече добуш берүү тилкелерин мисал келтирип, так ошол участкаларда мыйзам бузуулар катталганын белгилешкен. Кошумчалай кетсек, 19-сентябрь кечинде форма эки арызы менен каттоого алуу токтоду. Учурда шайлоо комиссиялары добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмесин тактап жатышат. Бирок тизмеге кире албай калгандар дагы болгон.