12 жаштагы кызды кордогон адам кармалды (видео)

545

Бишкекте 11 жашар кыз апасынын таанышы тарабынан зордукталды. Коомчулуктун үрөйүн учурган окуя 5-октябрда ордо калаада Чоң Чүй каналынын жанында болгон. 5 баланын энеси Өзбекстандын 34 жаштагы жараны менен көчөдөн таанышып калып, үйүнө алып келген.

Ал болсо өспүрүмдү көчөгө алдап чыгып, ээн жерге алып барып, андан кийин ыплас аракеттерди жасаган. Кылмышка шектүү кармалып, күнөөсүн толугу менен моюнуна алды.