1202 жарандардын 80%на добушун сатуу үчүн акча сунушталган (видео)

4325

Сурамжылоого катышкан 1202 жарандын 80 пайызына добушун сатуу үчүн акча сунушталган. Мындай көрсөткүч “Общее дело” коомдук фонду тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоодо белгилүү болду. Иш-чара 7-сентябардан 15не чейин улантылып, анда адистер 40 миңден ашуу жаранга телефон аркылуу байлынышышкан.

Сурамжылоонун жүрүшүндө добуш берүүдө адамдардын көз карашы канчалык деңгээлде өзгөргөнү маалым болгон. Жооп бергендердин көпчүлүгү шайлоо күнү добуш берээрин айтышса, 24 пайызы же 287 миң адам кайсы партияны тандай турганын аныктап койгонун билдиришкен.