13-21-кылымдарга таандык буюмдар тарыхый музейде (видео)

2934

«Христиандардын кыштагы» деп аталып калган Тарсакент кыштагынан калган тарыхый эстеликтер. Каратал Табалдинов атындагы Кара-Жыгач орто мектебинде тарых музейи ачылды. Анда 13-14-кылымдардан тарта Совет дооруна чейинки экспонаттар коюлган.

Музей кабинет 1971-жылы эле ачылып, бирок Советтер союзу ыдырагандан кийин каралбай калган. Кечээ жакындан тарта эл агартуучу Урила Мусулумова тарыхый жайды кайра жандантууну өз мойнуна алган. Аймак таануу музейине окуучулардан тышкары бардык каалоочулар да келсе болот.