13 миллион евро кайда жумшалат? (видео)

951

Президент Сооронбай Жээнбеков таза суу маселесин чечүү боюнча төрт шаардын жетекчисинин жана экономика министринин ишин кескин сынга алды. Мамлекет башчы «Аймактар үчүн таза суу» форумунда сөз сүйлөп жатып, бардык мамлекеттик органдар курулуп жаткан жана курула турган таза суу курулмаларынын сапатына жеке жоопкерчиликти алышы керектигин билдирди.

Бишкек шаарында өткөн форумда Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы менен 13 миллион евролук келишимге кол коюлду. Ал акчага кайсы аймактарга ичүүчү суу киргизилет?