13 жашар кыз эмне үчүн өз жанын кыйууга аракет кылган? (видео)

924

13 жашар кыздын зордуктоо аракетине кабылганы боюнча 2 жылдан кийин гана кылмыш иши козголду. Бул тууралуу жабырлануучунун адвокаты кабарлады. Бирок тергөөчүлөр бул факты боюнча «ыплас аракеттер» деген жеңил берене менен кылмыш ишин козгогон. Буга өспүрүмдөрдүн ата-энеси нараазы. Окуя 2016-жылы болгон.

Ысык-Көлдө лагерде эс алып келген балдар Бишкектеги кинотеатрлардын бирине барып, жаш кыз дааратканага киргенде, ага карата күч колдонулуп, кордоого кабылган. Бул окуя боюнча Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кылмыш ишин козгоодон 3 ирет баш тарткан. Ал эми ызасына чыдабаган 13 жашар кыз бир нече жолу өз жанын кыйууга аракет кылган.