13 жылдан бери төшөктө жаткан мекендешибиз жардамга муктаж (видео)

860

49 жаштагы Альфия Маметова полиартрит оорусуна чалдыгып, каражаттын жоктугунан улам өз убагында дарылана албай калган. Учурда баса да, отура да албайт. Буту-башы шишип тургандыктан, күн-түн дебей бир адамдын кароосунда болушу керек.

Анын саламаттыгы күн сайын начарлап бараткандыктан, коомчулукка жардам сурап кайрылууга аргасыз болгон. Альфия Маметованын каралашкан жалгыз гана бир уулу бар. Бирок ал дагы көр турмуштун айынан ооруга чалдыккан.