14 ирет жол эрежесин бузуп 40 миң сом айыпка жыгылган айдоочу (видео)

2190

Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган №42 автобустун айдоочусу 40 миң сом айыпка жыгылган. Бирок бул сумма анын өз чөнтөгүнөн кеткен эмес. Каражатты Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт муниципалдык ишканасы төлөгөн.

Мекемеден билдиришкендей, эми айдоочу штрафка кеткен акчаны бөлүп кайтарышы керек. Негизи эле ордо калаада жол эрежесин бузуп, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жараткан айдоочулар арбын.