14 судья кыймылсыз мүлкү тууралуу маалыматты жашырган

621

14 судья байлыктары тууралуу маалыматты жашырган. Буга байланыштуу башкы прокуратура фемида өкүлдөрүн административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча соттор кеңешине сунуш жөнөттү.

Башкы көзөмөл орган, салык кызматында чогултулган бирдиктүү декларациядагы маалыматтарды текшерип, бир катар судьялар үй-жайын, автоунааларын көрсөтпөй койгонун аныктаган.

Бирок, мыйзамды аткарбаган фемида өкүлдөрүнүн ысымдары ачыкталган жок. Болгону 14 судья байлыктарын жашырганы, анын бешөө иштен кеткени гана айтылды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.