1400 жигит чет элдик кыздарга үйлөнсө, 1141 кыз башка өлкөгө турмушка чыккан

1011

Былтыр Кыргызстандык 1400 жигит чет элдик кыздарга үйлөнүп, бул жакта никесин каттаткан. Бул тууралуу Каттоо кызматынан кабарлашты. Ал эми 1141 кыз башка өлкөнүн жарандарына турмушка чыккан.

Анализдерге караганда, кыргызстандык жаштар 54 мамлекеттин жарандары менен никеге турган. Алсак, коңшу өлкөлөрдөн тартып Япония, Филиппин, Иордания, Сингапур, Греция, Марокко, Мексика, Хорватия, Латвия, Шри-Ланка, Швеция, Австрия деген мамлекеттерге чейин бар.

Ошол эле учурда, чет жакка барып никеге турган мекендештериибиз да жок эмес. Бирок алардын саны белгисиз.