15 күндүн ичинде айыпты төккөн айдоочуларга 50 % жеңилдик берилет

706

Жол эрежесин бузган айдоочуларга бүгүнтөн тарта айып каттары келе баштады. Эми унаа ээлери 15 күндүн ичинде айып пулду төксө, 50 % жеңилдик берилет. Бишкекте 12-февралдан тарта «Коопсуз шаар» долбоору иштей баштаган.

Бирок жол эрежесин бузуп, видеокамерага түшүп калгандарга айып салуу 4-марттан тарта гана ишке кирди. Анткени тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, документ өткөн жумада гана иштей баштаган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.