15 сом төлөтүп, кечке күттүргөн маршруткалар (видео)

4511

Жол кире кымбаттаганы менен коомдук унаалардын саны көбөйгөн жок. Шаар тургундары эртең менен ишине, окуусуна кечигип барышса, кечкисин үйлөрүнө кете албай убара тартышууда. Мындай учур өзгөчө 2 күндөн бери байкалып жатат. Айрыкча күн сууктап, көчөлөр тайгак болушу менен жол тыгындары жаралып, анын кесепетинен жүргүнчүлөр сааттап аялдамаларда коомдук унааларды күтүп калышууда.

Ал эми шаардык транспорт башкармалыгы маршруттук таксилердин жетишсиздигин чечүү үчүн убакыт керектелээрин билдиришти. Анын үстүнө коомдук унаага айдоочулар дагы жетишпей жатыптыр. Ал арада, айрым ата-энелер окуучулар үчүн жол кире акысын арзандатууну талап кылышууда. Бирок бул маселе азырынча калаа бийлигинде каралган жок.