15 жашар кызды зордуктады делген өгөй атасы кармалды (видео)

1328

Токмокто 15 жашар кызды зордуктады делген өгөй атасы кармалды. Кылмышка шектүү өспүрүмдүн таянесинин көрсөтмөсүнөн кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сурак учурунда жабырлануучунун таянеси куйөө баласы небересине тийишип жатканын көргөнүн билдирген.

Өткөн жумада адвокат Шердор Абдыкапаров өспүрүмдү 2 жыл бою зордуктады делген өгөй ата кармалбай жатат деп билдирген. Ошондой эле, кордолгон кыздын ата-энеси кылмыш жоопкерчилигинен качуу аракетин көрүп, өспүрүмдү психикалык диспансерге жаткырып салышканын айткан.