150 миңдей бейтаптын өмүрүн сактап калууга себепчи болгондор (видео)

1497

Бүгүн бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнү. Кыргызстан да бул күндү 2007-жылдан бери жигердүү белгилеп келет. Иш-чаранын негизги максаты — өз ыктыяры менен кан берген жарандарга ыраазычылык билдирүү жана кандын запасын көбөйткөн адамдардын маанилүүлүгүн жайылтуу.

Тиешелүү мекеме өкүлдөрүнүн айтымында, учурда кан тапшырган адамдардын саны өсүп барууда. Былтыр донорлор 150 миңдей бейтаптын өмүрүн сактап калууга себепчи болушкан.