150 жүргүнчү Москванын аэропортунда 3 күн кармалды (видео)

573

Москванын аэропортунда 3 күн уча албай турган 150 жүргүнчү Кыргызстанга жеткирилди. Алардын кармалып калуусун «Эйр Манас» авиакомпаниясы учактын бузулуп калганы менен түшүндүрүүдө. «Домодедово» аба майданында 3 суткадан ашуун турган жүргүнчүлөр компания өкүлдөрү аларга тиешелүү көңүл бурушпаганын айтып даттанышууда.

«Эйр Манас» авиакомпаниясынын дагы бир аба кемеси Түркиянын Стамбул шаарынын убагында уча албай, ал рейстин жүргүнчүлөрү 2 күн аэропортто кармалып калышкан.