150гө жакын киши дайынсыз жоголгон мергенчини издөөгө тартылган

764

Алай районунда дайынсыз жоголуп кеткен мергенчини издөө иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, издөөгө 150гө жакын киши тартылган.

Эске салсак, 28-январь күнү аталган райондун Октябрь айылынын тургуну эртең мененки саат сегизде Сары-Күнгөй жайлоосу тарапка аң улоого кетип, ошону менен кайтып келген эмес. Ал акыркы жолу ошол күнү түштөн кийин саат төрттөр чамасында уюлдук телефондон үй-бүлөсү менен байланышка чыккан. Андан соң анын дайыны чыкпагандан кийин туугандары өз алдынча издешкен.

Андан майнап чыкпай, тиешелүү мекемеге кайрылышып, анда бир топ куткаруучу тартылган. Маалыматтарга караганда, 50 жаштагы мергенчинин аң улоодо тажрыйбасы мол жана айрым учурларда тоодо түндөп калып калган учурлары болгон.