16 миңге жакын бюллетень жараксыз деп табылды

840

Кечээ күнкү шайлоодо добуштардын санын эсептөөдө алдын ала маалымат боюнча 16 миңге жакын бюллетен жараксыз деп саналды.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, актай болуп, кайсы бир талапкер же «баарына каршы» деп белгиленбеген жана эки жерге чымчыкча коюлган шайлоо баракчалары жараксыз деп табылды.

Акыркы маалыматка караганда, каттоодон өткөн 3 миллион 25 миңден ашык жарандын 1 миллион 600 миңден көбү добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 55,93 пайызын түзөт.