16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран ооруканада дарыланууда

715

Ош шаарында «адам саламаттыгына залал келтирди» деген шек менен кармалган жаран Ички иштер министрлигинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат жана 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматтарга караганда, тартип сакчыларына бир жаран кайрылып, ал өз арызында, кармалган шектүү анын 2003-жылкы кызын ур-токмокко алып, зордуктаганы тууралуу билдирген. Бул боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Эске салсак, 9-октярь күнү көңүл ачуучу жайлардын биринде шектүү 1996-жылы туулган адамды учтуу нерсе менен желкеге сайган. Шектүүнү убактылуу кармоочу жайга алып келгенден кийин, ал өзүн жаман сезип жатканын айтып, ооруканага жеткирилген.

Учурда ал бейтапканада жана ага конвой коюлган. Ал буга чейин бир топ кылмыштар үчүн соттолуп, акыркы күндөрү Россиянын кылмыштуу топтору менен байланышып жүргөнү белгиленди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.