17 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы (видео)

1458

3 күндө 17 киши жол кырсыгынан каза тапты. Арасында бир жашка толо элек ымыркай да бар. Төрт адамдын өмүрүн алган авария кечээ Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда, Кубакы ашуусунда катталды. Сууга кулап түшкөн машинадагы жүргүнчүлөрдүн баары жан берген. Ошол эле күнү Ош-Эркечтам трассасында катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа аласалып, үч бир тууган мерт кетти. Үрөй учурган авария Чүй областында да катталды. Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында жол кырсыгынан ата-бала каза тапты. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда ноябрда айында эле 500дөн ашуун жол кырсыгы катталып, жүзгө жакын адам набыт болгон. Айдоочуларга абайлап жүрүүнү эми дин кызматкерлери эскерте баштады.