173 киши балык жана тоок этинен ууланган (видео)

997

173 адамдын уулануусуна себепкер болгон ресторан убактылуу жабылды. Анын жетекчилигине 25 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти. Учурда ресторанда текшерүү иштери жүрүп жатат. Эске салсак, 30-март күнү үйлөнүү тоюна келген 192 адамдын 173у өзүн жаман сезип, бейтапканага кайрылган. Учурда 100 адам Бишкекте, дагы 23 киши аймактардагы ооруканаларда дарыланып жатышат. Борбор калаада учурда миңге чукул коомдук тамактануу жайлары болсо, алардын канчасы коопсуздук талаптарына жооп берээри — белгисиз. Себеби акыркы ирээт кафе-ресторандар 5 жыл мурда текшерилген.