18-декабрь мигранттардын эл аралык күнү (видео)

4751

Россияда эмгектенген кыргызстандык мигранттар патент алууда берилген жеңилдиктерден улам 150-170 миллиард сомдой үнөмдөп калышкан. Бул акыркы 3-4- жылдын ичинде алынган көрсөткүч. Мамлекеттик миграция кызматы учурда Казакстан жана Түркия менен да ушул жаатта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатыптыр.

Расмий маалыматтар боюнча, учурда 640 миңден ашык кыргызстандык Россияда эмгектенүүдө. Арасында мекенине келип, өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошоюн деп жүргөн жаштар да арбын.