18 жаштагы Акжол Махмудов — Азия чемпиону аталды (видео)

1501

НТС телеканалы Бишкекте өтүп жаткан Азия биринчилигиндеги беттештер тууралуу маалымат берүүнү улантат. Грек-рим күрөшүндө Кыргызстан медалдардын саны боюнча биринчи болду. Биздин кураманын эсебинде 1 алтын, 3 күмүш жана 4 коло байге бар. Артта Казакстан менен өзбекстандык спортчулар келе жатышат. Азия чемпионатынын экинчи күнү Кыргызстан үчүн жемиштүү болуп, биздин балбандар 4 медаль утушту. 18 жаштагы Акжол Махмудов биринчиликке алгачкы ирет кагышып, дароо алтын тагынды.