18 жаштагы кызды ала качып кетип кордогондор жазаланабы? (видео)

1451

18 жаштагы кызды ала качып кетип, кордогон адам камакка алынды. Ал эми жабырлануучу ооруканада жатат. Жакында эле Бишкекте 24 жаштагы жигит студент кызды мыйзамсыз никеге турууга мажбурлаган. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери кыздын туугандарынан түшкөн арыздын негизинде кылмышка шектүүнү Нарындын Жумгал районунда кармашкан. Кийин жаш кыз ала качып кеткен жигит тарабынан зордукталганы аныкталган. Бул эки факты боюнча кылмыш иши козголду. Кордукка кабылган кыздын үй-бүлөсү 24 жаштагы жаранды жана бул ишке катыштыгы бар анын туугандарын кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышууда.