18 жаштагы кызды унаасы менен сүзүп кеткен айдоочу камактан чыгарылды

788

18 жаштагы кызды машинеси менен тебелеп алган полковниктин уулу камактан чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Эске салсак, 14-апрелде ордо калаанын Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаанын 25 жаштагы айдоочусу жолдон өтүп бара жаткан жаш кызды сүзүп, ал алган жаракаттарынан улам ошол жерден набыт болгон. Наркологиялык экспертиза айдоочу мас абалында болгонун аныктаган.

Бул окуядан кийин, кызды коюп кеткен ички иштер министринин мурдагы орун басары Нурбай Касымбаевдин уулу Нурбек Нурбаев экени айтылган. Бул маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тастыктоодон да, жокко чыгаруудан да баш тартышты.