180 млн долларды Кытайга ташып кеткен адам кармалды (видео)

2804

Өлкөдөн акчалар кандай мыйзамсыз жолдор менен чыгарылып кетип турат? Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы Кытайга 180 миллион долларды ташып кеткен кылмыштуу топтун өкүлүн колго түшүрдү. Каражат товар алууга деп көрсөтүлгөнү менен бул аракет кошумча нарк салыгынан буйтап өтүү үчүн жасалган.

Кылмыштуу схемага айрым мамлекеттик кызматкерлер жана кээ бир банкта иштегендер аралашканы белгиленүүдө. Бул аракеттердин кесепетинен мамлекетке 1 миллиард сомдон ашык зыян келтирген. Учурда мыйзамсыз схемага тиешеси бар башка адамдар да аныкталууда.