19 кг баңгизат саткан подполковник кармалды (видео)

263

3 ай аралыгында эле баңгизат сатып шугулдаган 6 милиция кызматкери кармалды. Алардын баары нашаа менен колго түшкөндөр. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Эскерте кетсек, 3 күн мурда эле Баңгизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Баткен областы боюнча өкүлүнүн өзү 20 килограммга жакын маңзаты менен колго түшкөн. Подполковник ташып бараткан нашаа Афганистанда өндүрүлгөн чайыр экенин атайын экспертиза аныктаган. Адистердин айтымында, мындай маңзаттын бир килограммы көмүскө рынокто 1,5 миң долларына бааланат. Тартип сакчыларынын колу таза эмес кызматкерлерден арылуу аракетинен майнап чыгып жатабы?

comments powered by HyperComments