19 миллион сомго бааланган «элек» эмнеге алынган? (видео)

883

Транспорт жана жолдор министрлиги россиялык компания менен соттошууда. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан билдиришти. Азырынча арыздануучу кайсы тарап экени белгисиз. Бирок ортодогу талаш-тартыш маалыматтык камсыздоо системасын иштеп чыгуу боюнча келишимдин ишке ашпай калганынан улам чыккан. Аталган программаны сатып алуу үчүн кыргыз тарап россиялык компанияга 19 миллион сом которгон. Маалыматтык камсыздоо системанын жардамы менен өлкөдөн чыккан эт, сүт продукциялары, балык азыктары, ветеринардык дары-дармектердин сертификаттарды берүү — автоматташтырылышы керек болчу. Бирок программа ЕАЭБдин талаптарына жооп бербегендиктен, бүгүнкү күнгө чейин иштебей турат.