19 жаштагы баланын өлүмү менен аяктаган майрам (видео)

779

Бишкекте 19 жаштагы бала бычакталды. Дагы бирөө оор жаракаттарды алып, азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө. «Ала-Тоо» аянтында мушташ чыгып, бычакташуу менен аяктаган. Маалыматтарга караганда, балдар туулган күн белгилеп, кыздар конокко келишет.

Бирок алардын ортосунда пикир келишпестиктер чыгып, кыздар досторун жардамга чакырат. Эки тарап ортосундагы тиреш мушташка айланып, туулган күн өткөрүп жаткан эки балага бычак сайылат. Кылмышка шектүү катары 23 жаштагы адам кармалып, камакка алынды. Учурда мушташка катышкан башка дагы балдар изделүүдө.