19 жаштагы кыздын бычакталышына жол бергендер жазалансын! (видео)

726

19-жаштагы кызды өлтүрүүгө жол бергендер катуу жазалансын! Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алып жатып ушундай талап койду. Мамлекет башчысы жаш кыздын өлүмүнө алып келген бул окуяны терең кайгыруу менен кабыл алганын белгилеп, милициянын чектен чыккан шалаакылыгынан, жоопкерчиликсиздигинен жана өз ишин билбестигинен улам болгон бул окуяга коомчулукта кыжырлануу болуп жатаканын түшүнүү керек, деп айтты. Бүгүн эле өкмөттүн кезектеги кеңешмеси болуп өтүп, анда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бул кырсык боюнча 20дан ашуун кызматкер жазалана турганын билдирди. Алардын арасында милициянын жогорку кызматтагы жетекчилери да бар экен. Ал эми бир катар коомдук бирикмелер жогорку бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жасашып, өлкөдөгү аялдардын укуктарын коргоп, коопсуздугун камсыздоону суранышууда.