2 — 8-ноябрь аралыгында 16 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталды

1345

2нен 8-ноябрга чейин Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугу тармагында 16 миң 179 бузууну аныктаган.

Анын ичинен:

— 336 айдоочу жол чырактын тыюу салынган белгисинен өтүп кеткен;

— Мас абалында унаа башкарган 215 айдоочу кармалган;

— 1777 айдоочу ашыкча жогорку ылдамдыкта унаа башкарган;

— Жол белгилеринин талаптарын аткарбаган 2528 адамга айып пул салынган;

— 1234 айдоочу иштебеген жарык берүүчү шаймандары менен транспорт каражатын башкарган;

— 1539 айдоочу жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жаратышкан;

— Коопсуздук курун тагынбаган 3976 айдоочуга айып пул салынган;

— Алдыңкы, капталындагы терезелери караңгылатылган унаа башкарган 58 айдоочуга тиешелүү чара көрүлгөн;

— Унаа башкарып бара жатып телефондо сүйлөшкөн 2751 адамга айып пул салынган;

904 транспорт каражаты айып унаа токтотуучу жайга токтотулган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.