2 бөлмөлүү батирин таштандыга толтуруп алган 80 жаштагы кемпир

793

Пенсионер квартиранын ичи жакшы жылыбай жатканын айтып, Бишкек жылуулук тармактары ишканасына кайрылып, адистер келгенде үйүнүн ичинде бут коерго жер таппай коюшат. Бөлмөлөр таштандыга толуп тургандыктан түтүктөрдү ширетип, оңдоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүн болгон эмес.

Мындан улам Тазалык ишканасынын кызматкерлери чакырылып, 2 бөлмөлүү квартирадан 10 тоннага жакын таштанды чыгарылган. Батирдин ичи тазалангандан кийин гана жылуулук берилет.

Ушул эле пенсионердин 7-кичи районундагы 3 бөлмөлүү квартирасы дагы 40 тоннага жакын акыр-чикирге толтурулган. Ал жак дагы тазаланат. Кары адам үйүнө таштанды чогултуп, жагымсыз жыт чыгып атканы боюнча, буга чейин эле коңшуларынан көп арыз даттануулар болуп келиптир.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.